48-берене. Президентти шайлоону дайындоо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 48-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.
1. Президентти кезектеги шайлоо Президенттин шайланган ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат.
Добуш берүү күнү иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө карабастан жумуш күнү катары эмгек акысын сактоо менен дем алыш күнү болуп эсептелет.
2. Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо Конституцияда каралган учурларда, иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат жана иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып 3 айлык мөөнөттө өткөрүлүшү керек. Бул учурда ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо иш аракеттеринин мөөнөттөрү чейрекке кыскартылат.
3. Эгерде Жогорку Кеңеш Президентти шайлоону же мөөнөтүнөн мурда шайлоону ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө дайындабаган учурда, Президентти шайлоо же мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган болуп эсептелет. Мындай учурларда шайлоону дайындоонун мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күн шайлоонун дайындалган күнү болуп эсептелет.
4. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыкканда, шайлоону өткөрүү күнү дайындалган болуп эсептелгенден тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына Президентти шайлоону же мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнүн күнүн расмий жарыялайт жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттө шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат.
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 5-июнундагы № 96, 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 82, 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)