37-1-берене. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялоонун тартиби
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
7-глава Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 37-1-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.
1. Ар бир шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөнүнө жараша анын расмий сайтына токтоосуз жайгаштырылат, алар юридикалык мааниге ээ болбогон алдын ала маалымат болуп саналат.
2. Ар бир шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор добуш берүү күнүнөн тартып 18 календарлык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.
3. Шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмелери добуш берүү күнүнөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.
4. Аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдору добуш берүү күнүнөн тартып 19 календарлык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.
(КР 2017-жылдын 5-июнундагы № 96 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)