38-берене. Кайра шайлоо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
7-глава Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 38-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.
1. Эгерде шайлоо жараксыз жана болбой калды деп таанылган, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкер, көп мандаттуу шайлоо округу боюнча катталган талапкерлер шайланбай калган учурда, кайра шайлоо дайындалат. Кайра шайлоо бир айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт. Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо, башка аракеттер, анын ичинде шайлоо боюнча шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрүн аныктоо, ушул конституциялык Мыйзамда жана Борбордук шайлоо комиссиясынын актыларында каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Кайра шайлоону өткөрүү жөнүндө билдирүү кайра шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 7 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
2. Кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда, иш аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу орунга талапкерликке көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.
3. Эгерде мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын кызмат адамдарынын чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) шайлоонун жыйынтыктарын жана (же) натыйжаларын жараксыз деп таануу үчүн негиз катары кызмат кылган учурда, кайра шайлоо шайлоого катышкан жана кайра шайлоого катышууну каалоолорун билдирген талапкерлердин, саясий партиялардын арасында өткөрүлөт.
(КР 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Көңүл буруңуздар! КР 2020-жылдын 22-октябрындагы № 1 конституциялык Мыйзамынын 1-беренесине ылайык берилген берененин колдонулушу токтотулду.