37-берене. Шайлоонун натыйжаларын аныктоонун тартиби
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
7-глава Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 37-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.
1. Борбордук шайлоо комиссиясы түздөн-түз округдук шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен, добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоонун натыйжаларын аныктайт.
Борбордук шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрөт, анда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү тартип бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык арыздарды (даттанууларды) карайт, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол түзөт, ага алардын негизинде шайлоонун натыйжалары аныкталуучу, түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын саны жөнүндө маалыматтар, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун жалпы кошунду маалыматтары боюнча жыйынды таблица, келип түшкөн протоколдордун маалыматтары киргизилет.
3. Эгерде шайлоочулардын башка талапкерлерге караганда көп сандагы добуш алган талапкерлер үчүн берилген добуштарынын саны шайлоочулардын бардык талапкерлерге каршы берилген добуштарынын санынан аз болсо, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо болбой калды деп таанылат. Мындай учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны автоматтык эсептөөчү урнадан алынган белгиленген формадагы шайлоо бюллетендеринин саны боюнча, ал эми кошумча контролдоо зарыл болгондо - идентификациядан өткөндүгү жөнүндө чектер боюнча да аныкталат.
4. Округдук, аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкү учурларда шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таанууга укуктуу:
1) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген бузуулар орун алса;
2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында, шайлоочулардын эрктерин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар орун алса;
3) жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;
4) соттун чечими боюнча.
5) эгерде автоматтык эсептөөчү урнадагы шайлоо бюллетендери анык эмес деп таанылса.
Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган учурда, шайлоонун жыйынтыктары калган шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары бир же бир нече шайлоо участокторунда жараксыз деп таанылган учурда, алар шайлоонун натыйжаларына таасирин тийгизе турган болсо, ошол шайлоо участкаларында тиешелүү шайлоо комиссиясы кайра добуш берүү дайындаган күндөн тартып, 2 жумалык мөөнөттө кайра добуш берүү өткөрүлөт.
41. Эгерде шайлоолорго даярдануу, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө учурунда талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербеген бузуулар орун алса, же шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөтүлсө, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер, талапкерлер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп таанууга укуктуу.
Шайлоо мыйзамдарынын бузулушун аныктоонун натыйжасында добуш берген күндөн кийин талапкер, талапкерлер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп таанылган учурда шайлоочулардын талапкерге, талапкерлерге берген добуштары шайлоо бюллетендерин жараксыз бюллетендерге кошуу менен жараксыз деп таанылат. Мындай талапкердин, саясий партиянын кайра шайлоого катышуусуна жол берилбейт.
(Абзац КР 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Шайлоо участкасында ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын так аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген добуш берүүнүн, добуштарды саноонун, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзүүнүн тартибин бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын анык белгилөөгө мүмкүнчүлүк бербеген тартип бузуулар деп түшүнүлөт.
Шайлоо участогунда добуш берүүнүн, добуштарды саноонун же добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоонун жүрүшүндө шайлоочулардын өз эркин билдирүүлөрүнө таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууларына, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан бузуулар шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар деп түшүнүлөт.
6. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп тааныйт:
1) эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн бирин камтыган шайлоо участокторунун бөлүгүндөгү добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылса;
2) эгерде талапкер (талапкерлер) боюнча добуш берүүлөрдүн анык эмес деп таанылган жыйынтыктары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыса.
(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88, 2017-жылдын 5-июнундагы № 96, 2021-жылдын 26-августундагы № 103, 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)