31-берене. Добуш берүү тартиби
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
6-глава Добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 31-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.
1. Шайлоо күнү добуш берүү саат 8ден саат 20га чейин жүргүзүлөт. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочуларды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башкача ыкма менен добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен, ал эми мөөнөтүнөн мурда же кайра добуш берүүдө - добуш берүү күнүнө 7 календардык күн калгандан кечиктирбестен кабарлоого милдеттүү.
Шайлоо күнү эртең мененки саат 7де участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү жайындагы өз жыйналышында чүчү кулак аркылуу төмөнкү иштерди аткаруучу комиссия мүчөлөрүн аныктайт:
- добуш берүү күнүндө оператордун ишин контролдоону жана аны менен бирдикте шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандарды идентификациялоону жүргүзүүчү;
- шайлоочулардын кагаздагы тизмесиндеги жарандарды каттоону жүзөгө ашыруучу;
- идентификациялоону жүзөгө ашыруучу жана басып чыгарылган бюллетендерди, идентификациялоо чектерин берүүчү;
- шайлоочулардын жашыруун добуш берүү кабиналарына киришин, шайлоо бюллетендерин автоматтык эсептөөчү урналарга салышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана шайлоо жабдуусунун операторлору чүчү кулакка катышпайт.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда, ушул участоктун шайлоочуларынын тизмеси жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле орун жайдан тышкары добуш берүүнүн натыйжалары боюнча документтер турган мөөрлөнүп бекитилген сейфти (шкафты) ачат; сейфтен (шкафтан) шайлоочулардын кагаздагы тизмесин, шайлоочулардын электрондук тизмеси менен башка зарыл жабдууну алып чыгат, шайлоочулардын тизмесине киргизилген санды жарыялайт, өзү көрүп таанышууга жана кагаздагы жана электрондук тизмелерди салыштырууга мүмкүндүк берет, андан кийин аны добуш берүү күнү шайлоочуларды каттоого жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесин толтурууга жооптуу болгон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таратып берет.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талапкерлердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ичи бош, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен бекитилүүчү (пломбалануучу) автоматтык эсептөөчү урналарды кароо үчүн көрсөтөт. Мөөрлөнгөн автоматтык эсептөөчү урналарга участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы шайлоо участогунун номери, контролдук барактардын автоматтык эсептөөчү урналарга салынган убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, талапкерлердин өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн контролдук барактарды сапат. Контролдук барактарга ошол адамдар кол коюшат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
(Абзац КР 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Добуш берүүчү жайда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү идентификациялоо боюнча жабдууну колдонуу менен, шайлоочунун жеке жана биометрикалык маалыматтары боюнча аны онлайн жана (же) оффлайн идентификациялоону операторлор менен биргелешип жүргүзөт. Шайлоочуну идентификациялоо саясий партиялардын талапкерлеринин өкүлдөрү жана байкоочулар шайлоочуну идентификациялоо жол-жобосун жана мониторду көрүп тургандай аралыкта жана шарттарда жүргүзүлүүгө тийиш.
Шайлоочуну идентификациялоо шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документти көрсөткөндө жүзөгө ашырылат.
Шайлоочунун биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча аны идентификациялоо үчүн шайлоочунун макулдугу талап кылынбайт.
Мында талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар үчүн көрүнүктүү жерге илинген монитордо төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылат:
- бул шайлоо участогунда шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны;
- бул шайлоо участогунда ошол учурда идентификациядан өткөрүлгөн жана идентификациядан өткөнү жөнүндө чек алган шайлоочулардын саны;
- идентификациядан өтүп жаткан шайлоочунун фото сүрөтү;
- жабдуулардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргелешип Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган башка маалыматтар.
Шайлоочуну идентификациялагандан кийин чек жана тиешелүү округдун бюллетени басып чыгарылат.
Жабдуу ушул шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын биротоло тизмесине кирген шайлоочуну идентификациялай албаган жана идентификациядан өткөнү жөнүндө чек бербеген ар бир учурда, эгерде идентификациялоо боюнча бир нече ирет көрүлгөн чаралар натыйжа бербесе, шайлоо комиссиясынын идентификациялоо процессин контролдоого жооптуу мүчөсү комиссиянын төрагасына билдирет, андан кийин жабдуунун идентификациялай албаганы жөнүндө эки нускада акт түзөт. Актыга шайлоо комиссиясынын идентификациялоо процессин контролдоого жооптуу мүчөсү, оператор жана тиешелүү шайлоочу кол коёт. Бир нускасы шайлоочуга тапшырылат, ал эми экинчи нускасы шайлоо комиссиясында калат, шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин шайлоо комиссиясы бул актыларды чара көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберет. Мында шайлоочу добуш берүүгө киргизилбейт.
Шайлоочуга чек бербестен шайлоо бюллетенин берген учурда тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.
Автоматтык эсептөөчү урналарга салынган шайлоо бюллетендеринин санына негизделген добуш бергендердин саны жөнүндө маалыматтар участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан актыга киргизилет жана округдук, аймактык шайлоо комиссиясына ар бир 2 саат сайын өткөрүп берилет, округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын системалык администратору алынган маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына киргизет жана автоматтык түрдө жарыялайт. Автоматтык эсептөөчү урналарга салынган шайлоо бюллетендеринин санына негизделген добуш бергендердин саны жөнүндө биротоло маалыматтар дароо же шайлоо участоктору жабылгандан кийин, бирок бюллетендери бар урналар ачылганга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет.
3. Шайлоочу добуш берүү бюллетени менен чекти участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө берет, ал шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесине каттайт. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол коёт.
Идентификациялоодон кайрадан өтүү аракетинде, эгерде шайлоочу идентификациялоодон өткөн болсо, серептөөчү монитордо бул шайлоочунун мурда идентификациялангандыгы тууралуу билдирүү ал жүргүзүлгөн шайлоо участогунун номерин көрсөтүү менен чагылдырылат.
Идентификациялоодон өткөн шайлоочулардын саны жөнүндө маалымат 9:00дөн 19:00гө чейин саат сайын борбордук серверге онлайн жөнөтүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында автоматтык түрдө жарыяланат.
4. Ар бир шайлоочу өзү үчүн добуш берет, башка шайлоочулар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.
5. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан атайын жабдылган кабинада же башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жабдылган жерде толтурулат. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган жер шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөл жүргүзүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен орнотулушу же даярдалышы керек. Автоматтык эсептөөчү урналар, эреже катары, добуш берүү үчүн атайы жабдылган эң жакынкы кабинадан бир жарым метрден ашпаган аралыкта, добуш берүү үчүн жайда турган адамдар бюллетендеги белгини көрүп биле албай тургандай жайгаштырылууга тийиш.
8. Президентти шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетениндеги талапкерге тиешелүү чарчыга кимдин пайдасына тандоо жасаганы тууралуу тиешелүү белгини же болбосо "Баарына каршы" позициясына белги коёт;
81. Жогорку Кеңештин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетенине өзү тандаган бир гана талапкерге тийиштүү чарчыга белги коёт же болбосо "Баарына каршы" позициясына белги коёт.
82. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтурууда ката кетирип алдым деп эсептесе, ал бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна жаңысын берүү өтүнүчү менен участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына кайрылууга укуктуу. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы ага жаңы шайлоо бюллетенин берет, мында шайлоочулардын тизмесиндеги анын фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коёт. Шайлоо бюллетени кайрадан бир гана жолу басып чыгарылат. Бузулган бюллетень жок кылынып, бул жөнүндө акт түзүлөт.
10. Шайлоо бюллетенин алганына өз алдынча кол коюуга жана шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу, бул үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкер, талапкердин, саясий партиянын өкүлү, байкоочу болуп саналбаган башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу башка адамдын жардамынан пайдалануу жөнүндө өз ниетин участкалык шайлоо комиссиясына оозеки билдирет.
Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн өз алдынча кол коюуга, шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү жок шайлоочунун өтүнүчү боюнча дайындалган адам иш-аракеттерди шайлоочунун билдирген эркине толук ылайыктуу жасоого милдеттүү.
11. Толтурулган шайлоо бюллетендерин шайлоочулар тиешелүү мөөрлөнгөн (пломбаланган) автоматтык эсептөөчү урналарга салышат. Шайлоо бюллетенин добуш берүүчү жайдан алып чыгууга тыюу салынат. Автоматтык эсептөөчү урнага бюллетенди таштоо эрежелеринен кыйналган шайлоочунун өтүнүчү боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири же техникалык адис чакырылган учурларды кошпогондо, автоматтык эсептөөчү урналардын жанында шайлоо бюллетенин таштап жаткан шайлоочудан башка адамдардын болушуна тыюу салынат. Добуш берүүчү жайда турган адамдарга автоматтык эсептөөчү урнага сереп салууну далдалоого же башка ыкма менен ага байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылууга тыюу салынат.
12. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайындагы тартипке көз салат. Добуш берүү жайында коомдук тартип бузулган учурда, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайында коомдук тартипти камсыз кылуу максатында, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардамга кайрылууга укуктуу, алар тартип орнотулгандан кийин добуш берүү жайынан чыгып кетүүлөрү керек. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген, шайлоо жүрүмүнүн субъекттеринин укуктарын бузбаган тескемелери добуш берүү жайында тургандардын баары үчүн милдеттүү. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жок болгондо, анын ыйгарым укуктарын участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы же шайлоо комиссиясынын ыйгарым укук берилген мүчөсү аткарат.
Добуш берүү үчүн жайга киргизүү талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн байкоо жүргүзүүсүнө шайлоочулар топтолушуп, тоскоолдук кылбай тургандай жүргүзүлүүгө тийиш.
13. Эгерде алар шайлоо комиссиясынын ишине же Кыргыз Республикасынын жараны өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракет кылса, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү токтоосуз анын жумушуна катышуудан четтетилет, ал эми байкоочу же башка адамдар добуш берүүчү жайдан сыртка чыгарылат. Бул жөнүндө чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.
14. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары добуш берүү күнү коомдук коопсуздукту, коомдук транспорттун, байланыш каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин, добуш берүүчү жайларда электр жарыгы жана жылуулук болушун камсыз кылууга милдеттүү.
15. Шайлоо күнү автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү запастык автоматтык эсептөөчү урнаны пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык шайлоо комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.
Запастык автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү туруктуу орнотулган үкөктү пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.
Автоматтык эсептөөчү урналардын бузулуусунун натыйжасында алмашылгандардын иштөө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилген учурда добуш берүү аяктагандан кийин жыйынтык отчетун түзүү үчүн аларды пайдаланууга жол берилет. Мында акт түзүлөт, ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып отурган мүчөлөрү, операторлор, байкоочулар, талапкерлердин өкүлдөрү кол коюшат.
16. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнүн жана автоматтык түрдө саноочу урналарды пайдалануунун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88, 2017-жылдын 5-июнундагы № 96, 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2021-жылдын 26-августундагы № 103, 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)