30-берене. Шайлоо бюллетени
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
6-глава Добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 30-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.
1. Добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочу шайлоо бюллетенин алат, ал катуу эсептеги документ болуп саналат. Анын таризин жана коргоо даражасын Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт.
(Экинчи абзац КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Шайлоо бюллетенинин таризи жана тексти добуш берүү күнүнө 25 календардык күн калгандан кечиктирилбестен, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет. Шайлоо бюллетенинин тексти анын бир гана бетинде жайгаштырылышы керек.
3. Президенттик шайлоодо шайлоо бюллетени талапкерлердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын чүчү кулакта аныкталгандай кезекте камтылат.
4. Жогорку Кеңештин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоолордо шайлоо бюллетени талапкерлердин фамилияларын, аттарын, аталарынын аттарын чүчү кулакта аныкталган кезекте камтыйт.
Караңыз: КР ЖС Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 4-сентябрындагы № 10-р чечими
5. Ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтардын оң тарабында бош чарчы жайгаштырылат. Талапкерлердин тизмегинин аягында, анын оң жагына бош чарчыны жайгаштыруу менен, "Баарына каршы" деген сап жайгаштырылат.
51. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Шайлоо бюллетендери мамлекеттик же расмий тилде шайлоочуну идентификациялагандан кийин принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөн басып чыгарылат. Ар бир шайлоо бюллетени аны толтуруунун тартиби жөнүндө түшүндүрмөнү камтууга тийиш. Шайлоо бюллетени ага шайлоочунун койгон белгисин бюллетендин арт жагынан көрүүгө мүмкүн болбогон тыгыздыктагы кагазга басылууга тийиш.
Шайлоо участоктору майыптыгы бар адамдар шайлоо бюллетендерин өз алдынча толтуруусу үчүн атайын трафареттер, анын ичинде Брайль ариби колдонулган бюллетендер менен жабдылат.
7. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9. (КР 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10. Талапкерлер чыгып кеткен учурда тиешелүү талапкерлер жөнүндө маалыматтар шайлоо бюллетендеринен чийип салынат.
11. Шайлоочулардын тизмеси жана башка шайлоо документтери, тиешелүү шайлоо комиссиясынын мөөрү сакталган атайын сейфи (шкаф) турган жай мөөр басылып бекитилет жана ички иштер органдарына кайтарууга тапшырылат. Мында сейф (шкаф) добуш берүү күнү добуш берүү жүзөгө ашырылуучу шайлоо участогунун орун жайынын ичинде болушу керек.
12. Шайлоо комиссияларынын орун жайларынан, ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузуу менен, шайлоо бюллетендерин алып чыгууга, ошондой эле көчүрмөсүн алууга жана таратууга тыюу салынат.
(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88, 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2021-жылдын 26-августундагы № 103, 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)