31-1-берене. Аралыктан, электрондук добуш берүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
6-глава Добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 31-1-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.
1. Шайлоо өткөрүүдө аралыктан, электрондук добуш берүү колдонулушу мүмкүн. Аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө чечим шайлоо дайындалганда кабыл алынат.
2. Аралыктан, электрондук добуш берүү шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участогунда добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон жарандардын активдүү шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган.
3. Аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүүдө активдүү шайлоо укугун ишке ашыруу жана аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды түзүү мүмкүндүгү шайлоочулардын өз эркин билдирүүсүнүн сакталышына жана добуш берүүнүн купуялуулугунун сакталышына кепилдикти эске алуу менен камсыз кылынат.
4. Аралыктан, электрондук добуш берүү тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
5. Бирдиктүү жалпы республикалык шайлоо округу боюнча өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону кошпогондо, бир шайлоо округунун чегинде өзүнүн шайлоо участогунан тышкары аралыктан добуш берүүгө жол берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 113, 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)