Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

6-глава Добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 29-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.

1. Добуш берүү үчүн жай мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан участкалык шайлоо комиссиясынын пайдалануусуна акысыз берилет.

2. Добуш берүүчү жайда жарык берүү тутуму менен жабдылган жана жазуу буюмдары менен камсыздалган атайын жабдылган кабиналар, мониторлор, видео-белгилөө жабдуусу, башка зарыл болгон жабдуу, принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөр жана автоматтык эсептөөчү урналар жайгаштырылат.

Жарык берүү тутумунда кубаттандыруунун альтернативдүү булагы, кол чырактар жана шамдар болууга тийиш. Электр жарыгы өчкөн учурда добуш берүү жарык (негизги же альтернативдүү булактын эсебинен) кайра берилгенге чейин токтотулуп турат. Мындай учурда участкалык шайлоо комиссиясынын ишине натыйжалуу байкоо жүргүзүү максатында байкоочулар, талапкерлердин өкүлдөрү автоматтык эсептөөчү урналардан, добуш берүүчү кабиналардан шайлоо комиссиясынын аракеттери, анын иш-милдеттерин аткаруусу толук көрүнүп тургандай аралыкта турууга укуктуу.

3. Добуш берүү үчүн жайда шайлоо комиссиясы кереге көрнөктөрдү жасайт, аларда бардык талапкерлер жөнүндө маалыматтык материалдар ар бир талапкердин катар номерин көрсөтүү менен жайгаштырылат. Маалыматтык материалдардын формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет. Көрсөтүлгөн материалдарда үгүт чакырыктары камтылбашы керек. Кереге көрнөктөрдө ошондой эле толтурулган шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрү жайгаштырылат, алар катталган талапкерлердин фамилияларын, саясий партиялардын аталыштарын камтыбашы керек.

Көрүүсү боюнча майыптыгы бар шайлоочуларга маалымдоо үчүн маалыматтык тактада ири ариптер жана (же) Брайль арибин колдонуу менен аткарылган материалдар жайгаштырылат.

4. Добуш берүүчү жай принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөр, кабиналар, мониторлор, башка зарыл болгон жабдуу жана автоматтык эсептөөчү урналар менен бир эле убакта шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин өкүлдөрүнүн, байкоочулардын көз алдында болгудай жабдылууга тийиш.

Добуш берүүчү кабинада бардык талапкерлер жөнүндө маалыматтык материалдар чүчүкулак менен аныкталган кезекте жайгаштырылат. Маалыматтык материалдардын формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.

Талапкер чыгып кеткен учурда талапкер жөнүндө маалыматтар толук көлөмүндө маалыматтык материалдардан чийип салынат.

Добуш берүүчү жайда монитор байкоочулардын, талапкерлердин өкүлдөрүнүн көрүп контролдоосу үчүн жеткиликтүү жерге орнотулууга тийиш.

5. Добуш берүүчү жай майыптыгы бар шайлоочулардын бул жайга тоскоолдуксуз кирүүсүн жана анда добуш берүүсүн, анын ичинде ыңгайлуу келип-кетүүчү жана жөө жүрүүчү жолдор, жеке автотранспорт токтотуучу атайын жерлер, имараттын биринчи кабаттарында добуш берүүчү жайлардын жайгаштырылышы же болбосо лифттердин болушу, эшиктердин улагасынын кеңдиги, пандустардын болушу (пандусту орнотуу мүмкүн болбосо, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), төшөмөлдөр, тактилдик көрсөткүчтөр, жетиштүү жарык менен камсыздалышы керек.

Добуш берүүчү жайдагы жабдуулар (столдор, кабиналар жана автоматтык эсептөөчү урналар), ошондой эле маалыматтык такталар жеткиликтүү жана жашыруун добуш берүүнү камсыздоо зарылдыгын эске алуу менен жайгаштырылышы керек. Добуш берүүчү кабиналар кресло-коляска пайдалануучу шайлоочуларга тоскоолдуксуз кирүүгө мүмкүндүк берген параметрлерге ылайык келиши жана оптикалык коррекциялоо каражаттары (лупалар, жарыгы бар лупалар жана башкалар), кошумча жарык, стул, атайын трафарет менен жабдылышы керек.

6. Майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу шарттарын камсыз кылуу, добуш берүүчү жайдын максималдуу мүмкүн болгон жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тийиштүү шайлоо комиссиясы социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждык картасын добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирбестен түзөт.

Тийиштүү шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана майыптыгы бар адамдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн тартуу менен муктаждык картасын түзүүнүн жыйынтыктары боюнча, добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен добуш берүүчү жайды майыптыгы бар шайлоочулардын керектөө картасында көрсөтүлгөн керектөөлөрүнө ылайык келишин текшерүүнү уюштурат.

Эгерде добуш берүүчү жай майыптыгы бар адамдардын кирүүсү үчүн атайын жабдуулар менен жабдылбаса, тийиштүү шайлоо комиссиясы шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына майыптыгы бар адамдар үчүн добуш берүүчү жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү кайрылуусун жөнөтөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары аларга шайлоо комиссиялары кайрылган учурда тиешелүү чараларды токтоосуз көрүүгө милдеттүү. Шайлоо комиссиясынын кайрылуусун аткарбоо мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88, 2017-жылдын 5-июнундагы № 96, 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2021-жылдын 26-августундагы № 103, 2025-жылдын 9-июнундагы № 113, 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)