20-берене. Талапкерлердин ишенимдүү адамдары
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
4-глава Талапкердин өкүлдөрү. Талапкерлердин статусу
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 20-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.
1. Талапкерлер ишенимдүү адамдарды дайындоого укуктуу.
2. Ишенимдүү адамдарды каттоо талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын жана жарандын өзүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арызынын негизинде бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Борбордук шайлоо комиссиясы ишенимдүү адамга белгиленген үлгүдөгү ырастама берет.
3. Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер, саясий, атайын мамлекеттик кызматты жана саясий муниципалдык кызматты ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, башка талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү ишенимдүү адам боло албайт.
4. Ишенимдүү адамдар аларга талапкерлер тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде аракеттенет.
5. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) талапкердин шайланышына өбөлгө болуучу үгүт жана башка иштерди жүзөгө ашырууга, алардын шайлоо алдындагы программаларын сунуштоого;
2) шайлоо алдындагы чогулуштарда, шайлоочулар менен жолугушууларда чыгып сүйлөөгө, шайлоо алдындагы дебаттарга жана дискуссияларга катышууга;
3) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;
4) добуш берүү өткөрүүдө, шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө жана добуш берүү жыйынтыктарын чыгарууда шайлоо участокторунда болууга;
5) шайлоо комиссияларынын документтери, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу, шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор менен таанышууга;
6) шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга, даттанууларды жана арыздарды кароого катышууга.
6. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуксуз:
1) шайлоо комиссияларынын жумушуна кийлигишүүгө;
2) шайлоочунун өтүнүчү боюнча шайлоо бюллетендерин алганына ал үчүн кол коюуга, ошондой эле ал үчүн шайлоо бюллетендерин толтурууга;
3) эгерде алар ошол жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттери, чыгармачыл кызматкерлери же кызмат адамдары болуп саналган учурда, маалыматтык теле- жана радиопрограммаларды (берүүлөрдү) жүргүзүүгө, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоону чагылдырууга катышууга.
7. Талапкерлер бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына кабарландырып, аларга берилген ырастамаларды жокко чыгаруу менен ишенимдүү адамдарды каалаган убакта чакырып алууга укуктуу. Ишенимдүү адам каалаган убагында Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнө берилген ырастаманы кайтарып берүү жана бул тууралуу аны дайындаган талапкерди кабарландыруу менен, өзүнүн демилгеси боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын таштоого укуктуу.
8. Ишенимдүү адамдардын ыйгарым укуктары аларды дайындаган, каттоодон өткөн талапкер статусүн жоготкондо токтотулат.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)