Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

4-глава Талапкердин өкүлдөрү. Талапкерлердин статусу

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 21-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.

1. Ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, бардык талапкерлер бирдей укукка ээ жана бирдей милдеттерди аткарат.

11. Эгерде талапкердин үчүнчү жактар жасаган бузууларга түздөн-түз тиешеси бар экендиги далилденбесе, талапкер үчүнчү жактардын аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылбайт, анын ичинде аны каттоо жокко чыгарылбайт.

2. Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот, эгерде ал төмөнкүлөрдөн болуп саналса:

1) Жогорку Кеңештин депутатын же Президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматчы;

2) жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо, муниципалдык саясий кызматчы;

3) мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, мекеменин, мамлекеттин (муниципалдык) катышуу үлүшү 30 пайыздан ашык ишкананын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчиси.

21. Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуп турат, эгерде ал төмөнкүлөрдөн болуп саналса:

1) мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоочулук, дипломаттык) карабастан мамлекеттик кызматчы;

2) муниципалдык кызматчы;

3) жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкери.

3. Талапкер иштеген, кызмат өтөгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери жана органдардын тиешелүү кызмат адамдары талапкер арыз, рапорт менен кайрылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде, менчигинин түрүнө карабастан эмгек акысынын орточо өлчөмүн мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун токтотуп турууга милдеттүү.

4. Талапкерлер же болбосо алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкер көрсөтүлгөн күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү буйруктардын (тескемелердин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына берет.

5. Ушул берененин 9, 10-бөлүктөрүндө каралган талапкердин ишинин кепилдиктери Борбордук шайлоо комиссиясы каттаган учурдан тартып, ушул конституциялык Мыйзамдын 53 жана 61-беренелеринде каралган тартипте келип чыгат.

6. Талапкердин ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген укуктары жана кепилдиктери - шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин, ал эми талапкер шайлоонун натыйжаларына даттануу берген учурда соттун чечими күчүнө киргенге чейин жайылтылат.

7. Катталган талапкер Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланган учурдан тартып, ал эми мөөнөтүнөн мурда чыгып калганда - чыгып калган учурдан тартып, талапкердин статусу менен байланышкан укуктарынан айрылат жана милдеттеринен бошотулат. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы кайра добуш берүү дайындаган учурда, талапкерликтери боюнча кайра добуш берүү өткөрүлбөгөн катталган талапкерлер өз статусун шайлоо комиссиясы тарабынан кайра добуш берүү дайындалган күндөн тартып жоготот.

8. Талапкер, саясий партия ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте, шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү, ишенимдүү адамдарды дайындоого укуктуу. Талапкер, саясий партия ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда, өз өкүлдөрүнүн ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузган аракеттери үчүн жоопкерчилик тартышат.

9. Катталган талапкер шайлоо өткөрүү убагында администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча иштен (кызмат ордунан) бошотулбайт же анын макулдугусуз башка ишке (кызматка) которулбайт, аскер кызматына чакыртылбайт.

Катталган талапкердин шайлоого катышкан убагы ал талапкер болуп катталганга чейин иштеген адистиги боюнча жалпы эмгек стажына эсепке киргизилет.

10. Кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, катталган талапкер шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланган күнгө чейин, Борбордук шайлоо комиссиясынын макулдугусуз сот тартибинде салынуучу жазык жоопкерчилигине тартылышы, кармалышы, камакка алынышы же жаза чараларына тартылышы мүмкүн эмес.

11. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда тиешелүү шайлоо округунда мурда депутаттыкка талапкер болуп катталган жана чыгып кеткен депутаттан кийин добуштардын көпчүлүк санын алган адам Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталганга чейин талапкердин статусу менен байланышкан укуктарга жана милдеттерге кайрадан ээ болот.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2021-жылдын 26-августундагы № 103, 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)