19-берене. Талапкерлердин, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
4-глава Талапкердин өкүлдөрү. Талапкерлердин статусу
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 19-беренеси, 28.07.2026 редакциясы.
1. Талапкерлер, саясий партиялар тиешелүү талапкерлердин, саясий партиялардын атынан иш алып баруучу экиден ашпаган ыйгарым укуктуу өкүлдү: шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү жана финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоого укуктуу.
Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө маалыматтар талапкер, талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан электрондук машина окуй турган түрдө да Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык тутумуна киргизилүүгө тийиш.
2. Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер, саясий, атайын мамлекеттик кызматты жана саясий муниципалдык кызматты ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, чет өлкөлүк жарандар жана, башка талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү ыйгарым укуктуу өкүл боло албайт.
3. Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси, ар бир ыйгарым укуктуу өкүлдүн фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган күнүн, паспортунун сериясын жана номурун, анын берилген күнүн, жашаган жеринин дарегин, негизги жумушунун же кызматынын ордун, ээлеген кызматын (негизги жумушу же кызматы болбогон учурда - ишинин түрүн), телефон номурун көрсөтүү менен Борбордук шайлоо комиссиясына берилет. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө карата кошумча, ошондой эле каржы документтерине кол коюу укугу көрсөтүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясына берилген тизмеге, ошондой эле саналган ар бир адамдын ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишин жүзөгө ашырууга жазуу жүзүндөгү макулдугу тиркелет. Мында талапкер, саясий партия ыйгарым укуктуу өкүлдүн ушул берененин талаптарына ылайык келерин ырастайт жана берген маалыматтары үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
4. Борбордук шайлоо комиссиясы зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу өкүлдөргө ырастама берет же ушул конституциялык Мыйзамга ылайык каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат.
5. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан каттоо күбөлүктөрү берилгенден жана катталгандан кийин, талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалган болуп эсептелет, ыйгарым укуктуу өкүлдүн укуктарына жана милдеттерине ээ болот.
6. (КР 2019-жылдын 8-августундагы № 116 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. Шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүл:
1) Президенттикке талапкерди колдогон шайлоочулардын колун чогултууда кол коюу барактарын күбөлөндүрөт, коюлган колдордун санын эсептейт, кол чогултуунун жыйынтыгы тууралуу протокол түзөт;
2) тиешелүү шайлоо комиссиясына Президенттикке талапкерди колдогон кол коюу барактарын, ошондой эле талапкерди каттоо үчүн башка документтерди берет;
3) тиешелүү шайлоо комиссиясынан кол коюу барактары жана башка документтер кабыл алынганы жөнүндө кат жүзүндө ырастама (маалымдама) алат;
4) шайлоо алдында үгүт жүргүзөт, үгүт материалдарын таратат;
4-1) шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан аткарылган жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн документтерге (келишимдерге/макулдашууларга) кол коёт;
5) талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын берүүнүн тартибин аныктоодо, шайлоо комиссиялары жүргүзүүчү чүчү кулактарга катышууга укуктуу;
6) ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындаган талапкерге, саясий партияга тиешеси бар маселелер боюнча, шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга укуктуу;
7) талапкердин, саясий партиянын тапшыруусу боюнча ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
71. Финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүл:
1) акча каражаттарынын түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу жана мыйзамдуулугун контролдоо менен байланышкан, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча финансылык отчетторду даярдоо жана тапшыруу боюнча маселелерди чечет;
2) финансылык эсептешүү документтерине жана финансылык отчетторго кол коюуга укуктуу;
3) талапкерге, саясий партияга тиешелүү финансылык маселелер боюнча шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга укуктуу;
4) финансылык маселелер бөлүгүндө ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
8. Талапкер, саясий партия бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүү менен, ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын каалаган убакта токтотууга укуктуу.
9. Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинин курамында көрсөтүлгөн бардык талапкерлердин Президенттин кызматына, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердик статусун жоготкон учурдан тартып, бирок шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн кечиктирбестен аяктайт. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 20 календардык күндөн кийин аяктайт.
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2021-жылдын 26-августундагы № 103, 2025-жылдын 9-июнундагы № 113, 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)