15-1-статья. Текшерүүлөр жөнүндө мыйзамдары ишкерликти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан контроль жүргүзүү
26.05.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-1-статьясы.
1. Ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга жана анын тиешелүү аймактык бөлүктөрүнө ушул Мыйзам менен жөнгө салынган текшерүүлөрдүн бардык түрлөрү боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан текшерүүлөр жөнүндө мыйзамды сактоо контролунун иш-милдеттери жүктөлөт.
2. Ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган контроль жүргүзүү үчүн текшерүүнүн субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоочу уюмдар менен кызматташат.
(КР 2011-жылдын 22-июлундагы № 121, 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)