14-статья. Текшерүү жүргүзүү үчүн аймакка же имарат жайга кирүү


2-глава

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-статьясы.

1. Ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынын текшерүүнүн субъекттеринин аймагына же имарат жайына кирүүсү мындай адамдардын кызматтык ырастамасын, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин ишкердиктин субъекттерине карата текшерүү жүргүзүү жөнүндөгү тескемесин (буйругун, жазма эскертүүсүн) көрсөтүүсү менен жүзөгө ашырылат.

2. Текшерүүнүн субъекттеринин аймагына же имарат жайына ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынын ишкердиктин субъекттери иштебеген убакытта (ушул Мыйзамдын 7-статьясынын 5-бөлүгүндө каралган учурлардан башка), ошондой эле ушул Мыйзамдын талаптары бузулган учурда кирүүсүнө жол берилбейт.

(КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 144, 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)