6-статья. Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу органдары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

I бөлүм

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруунун каттоодон пенсия төлөгөнгө чейинки бүткүл циклин жүзөгө ашыруучу органдар Социалдык фонд жана анын аймактык органдары - райондук жана шаардык бөлүмдөрү болуп саналат.

2. Ушул Мыйзамдын колдонулушуна коомдук контролдук кесиптик бирликтер тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220 Мыйзамынын редакциясына ылайык)