30-статья. Өткөн мезгил үчүн пенсия төлөө
06.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Жаңыртылды: 03.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.
1. Пенсиянын эсептелип, бирок пенсионер өз убагында албаган суммалары өткөн мезгилдеги, бирок эсептелген пенсияны алуу үчүн кайрылган учурдан мурдагы 5 жылдан ашпаган убакыттагысына төлөнүп берилет.
2. Пенсияны төлөгөн органдын күнөөсү боюнча өз убагында алынбаган пенсиялардын суммасы өткөн мезгил үчүн мөөнөтү чектелбестен төлөнүп берилет.
(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2024-жылдын 10-майындагы № 84 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)