Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

III бөлүм

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-статьясы, 28.07.2026 редакциясы.

1. Эмгекке жарактуулугун жоготкондугунун даражасына жараша пенсия дайындоо үчүн майыптуулуктун үч тобу белгиленет.

2. Майыптуулуктун себептери жана топтору, ошондой эле майып болуунун мезгили медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (МСЭК) тарабынан белгиленет, ал комиссиялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Жобонун негизинде иш жүргүзөт.

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 16-октябрындагы № 144, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)