71-статья. Активдер жетишсиз болгон учурда атайын администратордун милдеттери


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

4-ГЛАВА АТАЙЫН АДМИНИСТРАТОР

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 71-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.

1. Атайын администратордун негизги милдети карыз тараптын активдеринин сакталышын камсыз кылуу жана анын финансылык абалына талдоо жүргүзүү болуп саналат.

Карыз тараптын финансылык абалын талдоо сот чыгымдарын, атайын администратордун маянасына төлөнүүчү чыгымдарды жабуу үчүн ага таандык активдердин (күрөө предмети болуп саналган активдерден калгандарынын) жетиштүүлүгүн, ошондой эле банкроттук процессинин ушул Мыйзам менен каралган башка чыгымдарын да аныктоо максатында жүргүзүлөт.

2. Эгерде карыз тараптын финансылык абалын талдоонун натыйжасында банкроттук процессинин чыгымдарын жабуу үчүн активдердин жетишсиздиги аныкталса, атайын администратор бул тууралу сотко, кредиторлор чогулушуна (сот катышпаган тартипте) маалымдайт жана атайын администрациялоо жол-жобосун өткөрүү жөнүндө рекомендация берет. Мындай учурларда сот (кредиторлор чогулушу):

1) атайын администрациялоо процесси аякталсын жана; же

2) атайын администрациялоо жол-жобосун улантуу жана ушул Мыйзамда каралган атайын администраторду айрым милдеттерди аткаруудан бошотууну кошо алганда, бул жол-жобону өткөрүү шарты аныкталсын деген чечим кабыл алат.

Атайын администратор каттоочу органга билдиргенден кийин өз ишин токтотот. Карыз тарапка сот тартибинде банкроттук процесси жүргүзүлгөн учурда атайын администратор ушул Мыйзамдын 8-статьясында каралган тартипте банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан бошотулат.

(Үчүнчү абзац КР 2015-жылдын 20-апрелиндеги N 87 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Активдер жетишпеген учурда атайын администрациялоо жол-жоболорун жүргүзүүнүн мөөнөтү үч айдан ашпоого тийиш. Өзгөчө учурларда бул мөөнөт сот, кредиторлор чогулушу тарабынан узартылышы мүмкүн. Мында атайын администрациялоо жол-жоболорунун мөөнөтү беш айдан ашпоого тийиш.

3. Эгерде карыз тараптын имараты, жабдуулары же башка мүлкү калкка коркунуч туудурса, атайын администратор коркунучту четтетүү үчүн зарыл каражаттын өлчөмүн аныктоого тийиш (бул активдердин сакталышын камсыз кылуу үчүн чыгымдарды кошо). Бул чыгымдар банкроттук процессинин чыгымы болуп саналат.

Эгерде карыз тараптын активдери банкроттук процессинин бардык чыгымдарын төлөө үчүн жетишсиз болсо, анда атайын администратордун арызынын негизинде өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик орган ага зарыл каражат берет же болбосо өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик орган коркунучту болтурбоо же жоюу боюнча жоопкерчиликти өзүнө алат.

Андай болбогон учурда сот өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик орган тарабынан атайын администраторго сот белгилеген мөөнөттө зарыл каражатты төлөп берүүсү жөнүндө чечим чыгарат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87, 2016-жылдын 7-июлундагы № 103 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)