70-статья. Атайын администратордун милдеттери


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

4-ГЛАВА АТАЙЫН АДМИНИСТРАТОР

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 70-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.

Атайын администратор төмөнкүлөргө:

1) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык жарыя берүүгө;

2) өзү дайындалган учурдан тартып карыз тараптын алдындагы башка тараптардын береселерин жана башка милдеттенмелерин кошо карыз тараптын ишин башкарууну жана ага көзөмөлдүктү, ошондой эле, карыз тарап атайын администрациялоо процедурасы башталгандан кийин сатып алган же сатып ала турган активдерге жана милдеттенмелерге көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууга.

Ушул Мыйзамга ылайык өндүрүштү же өндүрүштүн бир бөлүгүн сактоо, анын ичинде реструктуризациялоо же реабилитациялоо жолу менен сактоо мүмкүнчүлүгүн кароого.

3) карызкордун активдерин сатуудан алынган каражаттар кредитордун алдындагы карыздарды төлөп берүүгө гана жумшалат. Болгон карызды төлөп бергенден кийин банкроттук жол-жобосу бүттү деп эсептелинет. Башкаруу жана калган активдер карызкорго өткөрүп берилет;

4) карыз тараптын мүлкүн инвентаризациялоону жана баалоону банкроттук процесси башталгандан тартып эки айдан кечиктирбестен жүргүзүүгө;

41) карыз тараптын активдерин сатуу жөнүндө чечимди кредиторлордун чогулушу менен макулдашууга;

5) Ушул Мыйзамдын талаптарын көңүлгө алуу менен мүмкүн болгон кыска мөөнөттө накталай түрдөгү эмес бардык активдерин сатууга (ээликтен ажыратууга) жана активдерди сатуудан түшкөн каражаттарды кредиторлордун ортосунда кезекти сактоо менен ушул Мыйзамдын 7-главасында каралган тартипте жана эрежелер боюнча бөлүштүрүүгө милдеттүү.

Эгерде ал соттун же кредиторлор чогулушунун, ошондой эле банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга уруксаты боюнча активдерди баалоо наркынан төмөнкү баа боюнча сатат, жоопкерчилик тартпайт;

6) ушул Мыйзамда белгиленген көлөмдө жана тартипте сот же банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын алдында отчет берүүгө жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык каттоочу органдарга маалымат берүүгө;

61) ушул Мыйзамдын 12-статьясынын 9-пунктунун талаптарына ылайык кредиторлордун чогулушун квартал сайын өткөрүүгө, ошондой эле кредиторлордун чогулушунун чечими менен банкроттук процессине чыгымдарды бекитүүгө жана кредиторлордун чогулушуна чыгымдар боюнча отчет берүүгө;

62) банкроттук жол-жобосун жүзөгө ашыруунун жүрүшү жана карыз тараптын финансылык абалы жөнүндө кредиторго анын жазуу жүзүндөгү суроо-талабынын негизинде суроо-талап келип түшкөн күндөн тартып он жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө билдирүүгө;

7) карыз тараптын бардык чыгуучу документтеринде (каттарында, эсеп-фактураларында жана финансылык документтеринде) карыз тарапка карата атайын администрациялоо процедурасы жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат камтылгандыгына көз салууга;

8) мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү процессинен өтө элек мамлекеттик ишкананы атайын администрациялоо учурунда атайын администратор социалдык инфраструктуранын объектилерин мыйзам талаптарына ылайык тескөөгө милдеттүү;

9) активдерди сатуу жөнүндө ачык маалымдоого жана активдерди сатуу аргасыздан, чектелүү мөөнөттө жүзөгө ашырылып жаткандыгын жана ыңгайлуу жагдайларда саткандагыдан төмөн болушу мүмкүн экендигин эске алуу менен активдерди жүйөсүз кармабай түзүлгөн рыноктук баа боюнча сатууга;

10) атайын администратор активдерди тиешелүү жарыя берилгенден кийин мүмкүн болушунча тезирек сатууга милдеттүү. Соттун, кредиторлор комитетинин же чогулушунун макулдугусуз атайын администратор активдерди кыйла кымбат сатууга үмүттөнүү менен рынок кырдаалынын өзгөрүшүн күтүү максатында активдерди сатууну узак мөөнөткө кетенчиктетүүгө укуксуз болот;

11) жүйөлүү себептери болсо, атайын администратор кредиторлор же карыз тарап макул болбогон баада активдерди сатып жиберүүгө укуктуу.

Төмөнкү себептер, эгерде:

а) активдер сатуу жөнүндө жарыяда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде, ал тургай алынган наркы активдерди башка учурда сатуудан ала турган баадан төмөн болуп жатса да ээликтен ажыратылса;

б) активдердин сапаты начарлашынан (тез бузулгандан) же башка объективдүү себептерден улам, убакыттын жетишсиздигинен сатуу жөнүндө жарыяланбай туруп ээликтен ажыратылса;

в) активдерди аларга суроо-талаптын жоктугунан улам ээликтен ажыратууга мүмкүн болбосо же ээликтен ажыратуу чыгымдары активдердин наркынан ашып кетсе, же кандайдыр бир себептерден улам активдерди сатууга болбосо (мындай учурда атайын администратор ушул Мыйзамдын 66-статьясынын 2-пунктчасына ылайык активдерден баш тартууга укуктуу) жүйөлүү себептер деп эсептелет;

12) ушул Мыйзамдын 83-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөндөй, иши оңунан чыкпаган карызкордун жетекчилеринин иш-аракеттерине изилдөө жүргүзүү жана алардын ушул Мыйзам актыларын же башка мыйзам актыларын бузууга жол бергендигинин фактысы билинген учурда, бул адамдарды мыйзамдарда белгиленген мөөнөткө жана тартипте жоопкерчиликке тартуу, келтирилген зыяндардын ордун толтуруу жана дисквалификациялоо жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.

13) "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык архивдик документтердин өткөрүп берилишин уюштурууга.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2006-жылдын 27-июлундагы № 132, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87, 2017-жылдын 12-майындагы № 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)