112-статья. Тынышуу келишимин бекитүүдөн баш тартуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 112-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.
1. Төмөнкүдөй учурда:
1) эгерде биринчи жана экинчи кезектеги кредиторлордун талабы төлөнбөсө;
2) эгерде тынышуу келишими күрөө менен камсыз болгон кредиторлордун макулдугун кошпогондо, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи кезектеги айрым кредиторлордун артыкчылыктарын караган же укугу менен мыйзамдык талаптарын кысымга алуучу шарттарды камтыса;
3) эгерде тынышуу келишими айрым кредиторлордун макулдугун кошпогондо, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи кезектеги айрым кредиторлордун артыкчылыктарын караган же укугу менен мыйзамдык талаптарын кысымга алуучу шарттарды камтыса;
4) эгерде үчүнчү жактардын макулдугун кошпогондо, ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 8-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды кошо алганда үчүнчү жактын укугу менен мыйзамдык кызыкчылыгын басмырлоочу шартты камтыса;
5) эгерде ушул Мыйзам менен белгиленген банкроттук процессинин чыгымдарынын ордун толтуруу тартиби бузулса;
6) эгерде тынышуу макулдашуусуна коюлган талап сакталбаса же ушул главада белгиленген тынышуу макулдашуусун кабыл алуунун тартиби бузулса;
7) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка талаптары бузулса сот тынышуу келишимин бекитүүдөн баш тартат.
2. Сот тынышуу келишимин бекитүүдөн баш тартылгандыгы жөнүндө чечим чыгарат, ал даттанылышы мүмкүн.
3. Сот тарабынан тынышуу келишимин бекитүүдөн баш тарткандык жөнүндө чечим чыгарылган учурда, ал түзүлбөгөн болуп эсептелинет.
4. Тынышуу келишимин бекитүүдөн баш тарткандык жөнүндө сот тарабынан чечимдин чыгарышы жаңы элдешүү келишимин түзүүгө тоскоол болбойт.
(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)