111-статья. Тынышуу келишиминин сот тарабынан бекитилишинин натыйжалары
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 111-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.
1. Тынышуу келишиминин бекитилиши банкрот ишин жүргүзүү жана администраторлордун ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн негиз болуп саналат.
2. Карыз тараптын жетекчиси иштен бошогон учурда администратор карыз тараптын жаңы жетекчиси дайындалганга (шайланганга) чейин өз милдетин аткара берет.
3. Тынышуу келишимин бекитүү карыз тарапка жана (же) кредиторго карата ушул Мыйзамда же сот тарабынан белгиленген чектөөлөрдү токтотуу үчүн негиз болуп саналат.
4. Тынышуу келишими бекитилген учурдан тартып карыз-жекече ишкер, карыз тараптын жетекчиси же администратор кредиторлордун карыздарын төлөөгө киришет.
(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)