113-статья. Тынышуу келишиминин анык эместиги
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 113-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.
Карыз тараптын, кредитордун арызы боюнча тынышуу келишими сот тарабынан:
1) эгерде анда айрым кредиторлорго артыкчылык берген же айрым кредиторлордун укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын кысымга алган шарттарды камтыса;
2) эгерде тынышуу келишиминин аткарылышы карыз тарапты банкрот болууга алып келсе;
3) бүтүмдөрдүн анык эместигинин граждандык мыйзамдар тарабынан каралган башка негиздери болгондо анык эмес деп табылышы мүмкүн.
Тынышуу келишиминин шарттары аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда келишим бузулушу мүмкүн. Тынышуу келишиминин бузулушу карыз тарапка банкроттук жөнүндө иштер боюнча иш козгоону кайрадан баштоо үчүн негиз болуп саналат.
(КР 2002-жылдын 17-июнундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)