110-статья. Тынышуу келишимин сот тарабынан бекитүүнүн шарттары
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-статьясы, 29.10.2025 редакциясы.
1. Тынышуу келишими биринчи жана экинчи кезектеги кредиторлордун карызы төлөнгөн шартта түзүлүшү мүмкүн.
2. Жеке ишкер, карыз тараптын жетекчиси же администратор тынышуу келишимине кол коюлган учурдан кийинки беш күндүк мөөнөттө тынышуу келишими бекитилгендиги жөнүндө сотко арыз берүүгө тийиш.
3. Арызга:
1) тынышуу келишиминин мазмуну;
2) кредиторлордун чогулушунун протоколу;
3) даректерин жана карызынын суммасын көрсөтүү менен кредиторлордун тизмеси;
4) биринчи жана экинчи кезектеги кредиторлордун карызы төлөнгөндүгүн ырастаган документтер;
5) тынышуу келишими үчүн добуш берүүгө катышпаган же аны түзүүгө каршы добуш берген кредиторлордун жазуу түрүндөгү каршы пикирлери тиркелүүгө тийиш.
4. Сот арыз келип түшкөн учурдан тартып он күндүн ичинде арызды кароого милдеттүү. Көрсөтүлгөн мөөнөт узартылбайт. Тынышуу келишимин кароо датасы жөнүндө сот тынышуу келишимине катышкан карыз тарапка, администраторго, кредиторлорго, үчүнчү жакка кабарлайт. Кабарланган адамдардын келбей калышы ишти кароого тоскоолдук кылбайт.
(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)