16-1-берене. Сатылып жаткан товарлардын (сатык) баасын төмөндөтүү жөнүндө жарнама


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

31.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

II бөлүм Жарнамага карата жалпы жана атайын талаптар

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-1-беренеси, 31.10.2025 редакциясы.

Сатылып жаткан товарлардын (сатык) баасынын төмөндөшү жөнүндө жарнама сатылуучу жер жөнүндөгү маалыматты, сатуунун башталышынын жана аякташынын даталарын, ошондой эле товарларды сатуунун мурдагы баасынан канчалык өлчөмдө азайышынын пайыздык катнашы тууралу маалыматты камтышы керек.

(КР 2006-жылдын 31-июлундагы № 140, 2019-жылдын 22-июлундагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)