97-берене. Аткаруу жазууларын жазуунун шарттары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026

II-БӨЛҮМ.›15-глава. Аткаруу жазууларын жүргүзүү

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 97-беренеси, 29.10.2025 редакциясы.

1. Аткаруу жазуулары төмөнкүдөй учурда жазылат:

1) эгерде берилген документтер карыздын талашсыздыгын же доочунун алдында карызкордун башка жоопкерчилигин тастыктаса;

2) эгерде доого укук пайда болгон күндөн тартып үч жылдан ашык эмес убакыт өтсө;

3) эгерде өндүрүп алуучунун анын жүргүзүлгөндүгү жөнүндө, фамилиясы, аты, атасынын аты (эгерде бар болсо), өндүрүп алуучунун жана карызкордун аталышы, алардын жашаган жери (жүргөн жери) же турган жери, ошондой эле аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган башка маалыматтар камтылган жазуу жүзүндөгү арызы болсо;

4) эгерде карызкордун жашаган жери (жүргөн жери) же турган жери Кыргыз Республикасынын аймагында болсо.

2. Эгерде ал боюнча аткаруу жазуусу берилген талап үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында эскирүүнүн башка мөөнөтү белгиленген болсо, аткаруу жазуусу ошол мөөнөттүн чегинде берилет.