96-берене. Карызкордон акчалай суммаларды өндүрүү же мүлктү талап кылуу
10.11.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026
Жаңыртылды: 10.11.2026
II-БӨЛҮМ.›15-глава. Аткаруу жазууларын жүргүзүү
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 96-беренеси, 29.10.2025 редакциясы.
1. Карызкордон акчалай суммаларды өндүрүү же мүлктү талап кылуу үчүн нотариус карызды белгилеген документтерге жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтерге аткаруу жазууларын жазат.
2. Күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүү аркылуу акчалай суммаларды өндүрүү үчүн нотариус карызды белгилеген бардык документтерге, анын ичинде күрөө жөнүндө келишимге аткаруу жазууларын жазат.