61-берене. Керээздерди күбөлөндүрүү
10.11.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
29.10.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 10.11.2026
Жаңыртылды: 10.11.2026
II-БӨЛҮМ.›9-глава. Бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61-беренеси, 29.10.2025 редакциясы.
1. Нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлгөн жана аракетке жөндөмдүү жарандар жеке өздөрү нотариуска алып келген алардын керээздерин күбөлөндүрөт. Керээздерди өкүлдөр аркылуу күбөлөндүрүүгө жол берилбейт.
2. Керээздерди күбөлөндүрүүдө керээзди берүүчүдөн керээзге калтырылып жаткан мүлккө укукту ырастаган далилдерди берүү талап кылынбайт.