60-берене. Кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 10.11.2026
II-БӨЛҮМ.›9-глава. Бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 60-беренеси, 29.10.2025 редакциясы.
1. Кыймылсыз мүлктү ажыратуу жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүү кыймылсыз мүлктүн менчик укугуна же башка мүлктүк укукка таандыктыгы, бул мүлккө укуктарды чектөөлөр (оорлотуу) бар же жоктугу текшерилгенден кийин жүргүзүлөт.
2. Кыймылсыз мүлктү ажыратуу келишимин күбөлөндүрүүдө нотариус кыймылсыз мүлк менен бүтүмдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон ар кандай маалыматты мамлекеттик жана башка органдардан, анын ичинде ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык тутумдарынан алууга укуктуу.
3. Бүтүмгө катышкан жактын арызы боюнча нотариус кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен бүтүмдөрдү каттоонун Бирдиктүү мамлекеттик реестрде мамлекеттик каттоо үчүн келишимди кагаз түрүндө же болбосо электрондук формада жөнөтөт.