49-берене. Билим берүү кызматтары үчүн эсептешүүлөр


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

23.06.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

14-глава. Билим берүүнү өнүктүрүүнү каржылоо жана экономикалык негиздери

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренеси, 23.06.2026 редакциясы.

Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик билим берүү уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарына акы төлөө улуттук валютада акча каражаттарын билим берүү уюмунун банктык эсебине же казыналыктагы атайын эсепке чегерүү аркылуу жүргүзүлөт.