34-берене. Жумуш ордунда окутуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

23.06.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

9-глава. Кесиптик билим берүү

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренеси, 23.06.2026 редакциясы.

1. Жумуш ордунда окутуу дуалдык окутуу, практика, такшалма жана шакирттик практика, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн катышуусу менен практикалык жана тарбиялык мүнөздөгү башка иш-чаралар аркылуу ишке ашырылат.

2. Дуалдык окутуу билим алуучулардын зарыл болгон билимдерди жана көндүмдөрдү алуусу аркылуу жүзөгө ашырылат, алардын теориялык бөлүгү - билим берүү уюмунда, практикалык бөлүгү - билим алуучунун жумуш ордунда жүзөгө ашырылат.