32-статья. Автордук келишимдин формасы
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-статьясы, 17.03.2023 редакциясы.
1. Автордук келишим жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш. Чыгарманы мезгилдүү басма сөздө пайдалануу жөнүндөгү автордук келишим ооз эки түрдө түзүлүшү мүмкүн.
2. ЭЭМ үчүн программалардын жана маалымат базаларынын нускаларын сатууда жана жалпы пайдалануучулар үчүн аларды пайдаланууга жол ачып берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген келишим түзүүнүн өзгөчө тартибине уруксат берилет.
3. Автордук келишим тараптардын макулдашуусу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталышы мүмкүн. Келишимдерди каттоо үчүн каттоо жыйымдары Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынат.
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган автордук келишимдердин үлгүлөрүн иштеп чыгат.
(КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)