31-1-статья. ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына өзгөчө укуктан ажыратуу жөнүндө келишим. Лицензиялык келишим


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

17.03.2023 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

II бөлүм Автордук укук

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-1-статьясы, 17.03.2023 редакциясы.

1. Чыгармага өзгөчө укуктан ажыратуу жөнүндө келишим боюнча автор же башка укук ээси чыгармага өзүнө таандык болгон өзгөчө укугун бул укукту алуучуга толугу менен өткөрүп берет же өткөрүп берүүгө милдеттенет.

2. Лицензиялык келишим жазуу жүзүндө түзүлөт жана төмөнкүдөй шарттарды камтууга тийиш:

1) өткөрүп берүүчү укуктардын көлөмүн жана ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын пайдалануу ыкмасын;

2) сый акы төлөө тартибин жана өлчөмүн;

3) пайдалануу аймагын;

4) келишимдин колдонулушунун мөөнөтүн.

3. Мүлктүк укуктардан ажыратуу жөнүндө келишим же ЭЭМ үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган программага же маалыматтар базасына лицензиялык келишим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда милдеттүү түрдө катталууга тийиш.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталбаган ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим тараптардын макулдашуусу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталышы мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)