64-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоо ыкмалары
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›8-глава. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоо
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 64-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.
1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышы төмөнкүдөй ыкмалар аркылуу камсыздалат:
1) бажы органынын эсебине акчалай каражаттарды салуу (депозит);
2) банктык кепилдик;
3) кепилдик кылуу;
4) товарларды жана башка мүлктү күрөөгө коюу;
5) камсыздандыруу келишими.
2. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоо ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кайсы болбосун ыкмада жүргүзүлүшү мүмкүн.
Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыздоонун ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган ыкмасы бажы иши чөйрөсүндө бажы өкүлдөрү, бажы жүк ташуучулары, убактылуу сактоо кампаларынын ээлери, бажы кампаларынын ээлери, эркин кампалардын ээлери, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери катары ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүдө гана колдонулат.
3. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоону колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоону ырастоочу документтерди кайра кайтаруу тартиби жана учурлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)