63-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоонун жалпы шарттары


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›8-глава. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоо

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 63-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоонун жалпы шарттары Кодекстин 9-главасында аныкталган.

2. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышы төмөнкүдөй учурларда камсыздалат:

1) бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө берилгенде;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныктала турган учурларды кошпогондо, товарлар шарттуу чыгарып берилгенде;

3) Кодекстин 120-беренесине ылайык, товарларга карата декларация тапшырылганга чейин товарлар чыгарып берилгенде;

4) Кодекстин 121-беренесине ылайык, бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү аяктаганга чейин товарлар чыгарып берилгенде;

5) Кодекстин 122-беренесине ылайык, бажы экспертизасы дайындалганда товарлар чыгарып берилгенде;

6) товарлар бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырылганда;

7) бажы иши чөйрөсүндө иштер жүзөгө ашырылганда;

8) ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка учурларда.

3. Кодекстин 120-122, 146, 304 жана 437-беренелеринде көрсөтүлгөн учурларда, ошондой эле Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында келтирилди деп таанылган зыян келтирилген учурларда бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышына камсыздоо берилбейт.

Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышына камсыздоо берилбей турган башка учурлар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)