241-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттеринин аткарылышын камсыздоо
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
VIII БӨЛҮМ. БАЖЫ ИШИ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ИШ. ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭКОНОМИКАЛЫК ОПЕРАТОР›43-глава. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 241-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.
1. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттеринин аткарылышын камсыздоо, мындай камсыздоо ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүүнүн шарты болуп эсептелген учурларда Кодекстин 436-беренесине ылайык аныкталган өлчөмдө берилет.
2. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттеринин аткарылышы ушул Мыйзамдын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн ыкмалар менен камсыздалат.
3. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттеринин аткарылышын камсыздоо ыкмаларын колдонуу тартиби, Кодекстин 436-беренесинин 9-пунктуна ылайык ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттеринин аткарылышын камсыздоонун өлчөмүн төмөндөтүү тартиби, ошондой эле мындай камсыздоо берилүүчү валюта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттеринин аткарылышын камсыздоону кайра кайтаруу юридикалык жактын Кодекстин 436-беренесинин 12-пунктунда каралган учурларда бажы төлөмдөрүн, салыктарын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттери болбогондо жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттеринин аткарылышын камсыздоону кайра кайтаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттеринин аткарылышын камсыздоону ырастоочу документтерди кайра кайтаруунун тартиби жана учурлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)