240-берене. Күбөлүктүн колдонулушун токтотуп туруу, кайра улантуу жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестринен чыгарууга негиздер


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

VIII БӨЛҮМ. БАЖЫ ИШИ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ИШ. ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭКОНОМИКАЛЫК ОПЕРАТОР›43-глава. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 240-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.

1. Күбөлүктүн колдонулушун токтотуп туруу, кайра улантуу жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестринен чыгаруу ушул берененин жоболорун эске алуу менен Кодекстин 435-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Күбөлүктүн колдонулушун токтотуп туруу үчүн кошумча негиздер жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестринен ыйгарым укуктуу операторлорду чыгаруу үчүн кошумча негиздер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилениши мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)