23-берене. Товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо жөнүндө чечимдер жана түшүндүрмөлөр


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›3-глава. Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасы. Товарларды классификациялоо

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.

1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын бир түрдүү колдонууну камсыз кылуу максатында бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алууга жана түшүндүрмө берүүгө укуктуу.

Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн чечимдер жана түшүндүрмөлөр бажы аймагында бажы органдары тарабынан товарларды классификациялоодо милдеттүү болуп саналат.

2. Ушул берененин жоболорун колдонуу максаттары үчүн товарлардын айрым түрлөрү деп конкреттүү аталыштары, конкреттүү маркасы, модели, артикулу, модификациясы жана башка ушуга окшош жеке мүнөздөмөсү бар товарларды Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык бир кодго киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү жалпы классификациялык белгилерге ээ болгон товарлардын жыйындысы түшүнүлөт.