22-берене. Товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдер


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР›3-глава. Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасы. Товарларды классификациялоо

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызыкдар жактын суроо-талабы боюнча товарларды Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимди Кодекстин 23-25-беренелеринде аныкталган тартипте кабыл алат.