187-берене. Бажы органдары тарабынан товарларды жана аларга карата документтерди кармоо жана сактоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

VII БӨЛҮМ. БАЖЫ ОРГАНДАРЫ›33-глава. Бажы органдары тарабынан товарларды жана аларга карата документтерди кармоо

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 187-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.

1. Бажы органдары товарларды жана аларга карата документтерди Кодекстин 379-беренесинде аныкталган учурларда кармайт, андан кийин товарларды жана аларга карата документтерди кармоо жөнүндө Комиссия аныктаган форма боюнча протокол түзүлөт.

2. Кармалган товарлар жана аларга карата документтер бажы органдары тарабынан алып коюлат жана Кодекстин 380-беренесинде аныкталган мөөнөттүн ичинде сакталат.

3. Кармалган товарлар бажы органдары тарабынан аныкталган, мындай товарларды сактоо үчүн жабдылган убактылуу сактоочу кампаларга же башка жерлерге жайгаштырылат.

Аталган товарларды сактоого өткөрүп берүүдө кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы үч нускада түзүлөт, бир нускасы бажы органында калат, экинчиси - товарларды сактоого алган уюмда (мекемеде), үчүнчү нускасы, эгерде бажы органы тарабынан кармоо учурунда бул жак аныкталса, товарларга ээлик кылуу, пайдалануу жана (же) тескөө укугуна ээ жакка берилет.

4. Кармалган товарларды жана аларга карата документтерди сактоо мөөнөтү аларды кармаган күндөн тартып эсептелет.

5. Ушул беренени колдонуу максаты үчүн, бат бузула турган товарлардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)