186-берене. Тобокелдикти башкаруу системасын бажы органдарынын колдонуусу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

VII БӨЛҮМ. БАЖЫ ОРГАНДАРЫ›32-глава. Бажы органдары тарабынан колдонулуучу тобокелдикти башкаруу системасы

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 186-беренеси, 06.11.2025 редакциясы.

1. Бажы органдары бажы контролунун объекттерин жана тобокелдикти азайтуу боюнча чараларды тандоо үчүн тобокелдикти башкаруу системасын пайдаланат.

2. Тобокелдикти башкаруу системасын бажы органдары төмөнкүдөй максаттар үчүн пайдаланат:

1) бажы органдарынын компетенциясынын чегинде улуттук (мамлекеттик) коопсуздукту, адамдын өмүрүн жана ден-соолугун, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды камсыз кылуу;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана (же) бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды бузууларды айкындоо, божомолдоо жана болтурбоо.

3. Тобокелдикти башкаруу системасын пайдалануу стратегиясы жана тактикасы, маалыматты чогултуунун жана иштеп чыгуунун, тобокелдиктерди талдоону жана баалоону жүргүзүүнүн, тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.