6-берене. Адилеттүүлүк принциби


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ-ЖАЗА МЫЙЗАМЫ›1-глава. Кылмыш-жаза мыйзамы, анын максаттары, милдеттери жана принциптери

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 6-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Ушул Кодексте каралган жосунду жасаган адамга колдонулуучу жаза жана кылмыш-жаза-укуктук таасир этүүнүн башка чаралары кылмыштын оордугуна, ошондой эле аны жасаган жагдайларга ылайык келүүгө тийиш.

2. Эч ким бир эле кылмышы үчүн кайрадан кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес.