7-берене. Кылмыш-жаза жоопкерчилигин жана жазаны жекелештирүү принциби


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ-ЖАЗА МЫЙЗАМЫ›1-глава. Кылмыш-жаза мыйзамы, анын максаттары, милдеттери жана принциптери

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 7-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

Кылмыш-жаза жоопкерчилиги жана жазаны дайындоо жөнүндө маселени чечүүдө сот жасалган кылмыштын мүнөзүн жана оордугунун даражасын, жасалгандардын жүйөлөрүн жана максаттарын, күнөөлүүнүн инсандыгын, келтирилген залалдын өлчөмүн, жазаны жеңилдетүүчү же оордотуучу жагдайларды, жабырлануучунун пикирин эске алууга жана өкүмдө тандалган жаза чарасын жүйөлөштүрүүгө тийиш.