5-берене. Күнөө принциби


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ-ЖАЗА МЫЙЗАМЫ›1-глава. Кылмыш-жаза мыйзамы, анын максаттары, милдеттери жана принциптери

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 5-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Адам күнөөсү аныкталган аракеттери (аракетсиздиги) жана аларды жасагандыгынын натыйжасында келип чыккан кесепеттери үчүн гана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

2. Мыйзамдуу тартипте күнөөсү далилденмейинче жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү менен аныкталмайынча, эч ким кылмыш жасады деп табылышы жана кылмыш-жазасына тартылышы мүмкүн эмес.