4-берене. Жарандардын мыйзам алдындагы теңчилик принциби
23.06.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
I БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ-ЖАЗА МЫЙЗАМЫ›1-глава. Кылмыш-жаза мыйзамы, анын максаттары, милдеттери жана принциптери
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 4-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
Ушул Кодексте каралган жосунду жасаган адамдар мыйзам алдында тең жана жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, диний ишенимине, жаш курагына, саясий же башка көз караштарына, билимине, ата-тегине, мүлктүк, кызматтык же башка абалына, ошондой эле басмырлоого негиз болгон башка жагдайларга карабастан кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.