403-берене. Адамзатка каршы кылмыштар


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›50-глава. Тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 403-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

Адамзатка каршы кылмыштар, башкача айтканда, жарандык калкка же жөнөкөй жарандарга карата масштабдуу же системалуу түрдө кол салуунун алкагында жасалган, киши өлтүрүү, массалык түрдө жок кылуу, кулчулук, депортация, эркиндикти мыйзамсыз чектөө, кыйноо, зордуктоо, сексуалдык кулчулукка айлантуу, сойкулукка, аргасыз кош бойлуулукка мажбурлоо, адамдарды мажбурлап стерилизациялоо, адамдардын тобун саясий, расалык, улуттук, этностук, маданий, диний, сексуалдык жана башка негиздер боюнча куугунтуктоо, апартеид жана башка адамгерчиликсиз аракеттер, адамдын ден соолугуна же (жана) психикалык абалына олуттуу залал келтирсе, -

он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.