404-берене. Зомбулук менен жок болуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›50-глава. Тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштар

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 404-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

Зомбулук менен жок болуу, башкача айтканда мамлекет, саясий уюмдар же алардын уруксаты менен, алардын колдоосу же макулдугу менен, узак мезгил аралыгында мыйзам тарабынан адамдарды коргоодон ажыратуу максатында, соңунда мындай эркиндигинен ажыратууну таануудан, же бул адамдардын тагдыры же турган жери жөнүндө билдирүүдөн баш тартуу менен адамдарды, башкача айтканда камоо, камап туруу же уурдоо, -

он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.