402-берене. Тынчтыкка каршы кылмыштар
23.06.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
IX БӨЛҮМ. МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР›50-глава. Тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштар
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.
Эл аралык келишимдерди бузуу менен куралдуу агрессияны пландоо, даярдоо, аны баштоо, ага катышуу, агрессивдүү согушту жүргүзүү, ошого тете ушул беренеде аталган аракеттерди жасоо максатында жашыруун бүтүмгө катышуу, -
он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.