3-берене. Юридикалык аныктык принциби


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

I БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ-ЖАЗА МЫЙЗАМЫ›1-глава. Кылмыш-жаза мыйзамы, анын максаттары, милдеттери жана принциптери

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 3-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Юридикалык аныктык бул кылмыш үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун негиздерин, ошондой эле кылмыш курамынын бардык белгилерин ушул Кодекс менен так белгилөө мүмкүнчүлүгүн билдирет.

2. Кылмыш-жаза мыйзамы жазалануучу жосунду (аракетти же аракетсиздикти) так жана айкын аныктоого тийиш жана кеңири түшүндүрүүгө жатпайт.

3. Кылмыш-жаза мыйзамын окшоштуруп колдонууга тыюу салынат.