25-берене. Акыл-эси соо эместик


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ›4-глава. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуучу жак (кылмыштын субъекти)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 25-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Ушул Кодексте каралган жосунду жасап жаткан учурда акыл эси соо эмес абалда болгон, башкача айтканда, өзүнүн аракетинин (аракетсиздигинин) иш жүзүндөгү мүнөзүн жана келтирилген зыянын аңдап биле албаган же өнөкөт жин оорусунун, психикасынын убактылуу бузулушунун, кем акылдыктын же психиканын башка оорусунун айынан өзүн башкара албай калган адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт.

2. Кылмышты акыл-эси соо кезинде жасаган, бирок соттун өкүмү чыгарылганга чейин өзүнүн аракеттерине (аракетсиздигине) жооп бере албаган же аны башкара албаган жин оорусу менен ооруп калган адам жазага тартылбайт. Мындай адамга соттун чечими боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар колдонулат, ал эми айыккандан кийин мындай адам жазага тартылат.