26-берене. Акыл-эси чектелгендик


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ›4-глава. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуучу жак (кылмыштын субъекти)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 26-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Эгерде кылмыш жасаган учурда психикасынын бузулушунун айынан өзүнүн аракетинин (аракетсиздигинин) иш жүзүндөгү мүнөзүн жана коомго келтирүүчү зыянын толук аңдап биле албаган же аларды башкара албаган адам сот тарабынан акыл-эси чектелген деп таанылышы мүмкүн.

2. Адамды акыл-эси чектелген деп таануу ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуу үчүн негиз болушу мүмкүн, бирок аны жазадан бошотпойт.