24-берене. Кылмыштын субъекти


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

24.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ›4-глава. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуучу жак (кылмыштын субъекти)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 24-беренеси, 24.07.2026 редакциясы.

1. Кылмыштын субъекти болуп ушул Кодекске ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылууга жашы жеткен, акыл-эси соо, кылмыш жасаган жеке жак саналат.

2. Атайын субъект болуп ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн белгилерге ээ болгон жана субъект белгилүү бир адам гана болушу мүмкүн болгон кылмышты жасаган адам эсептелет.

3. Юридикалык жак кылмыштын, кылмыш-жаза жоопкерчилигинин жана жазанын субъекти болуп эсептелбейт.